Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Cирия оппозициясы бириккени жатат


Сириянын оппозициячыл топтору өлкөдөгү бийликти өзгөртүү боюнча орток позиция иштеп чыкканга аракет кылышууда. Араб лигасынын жетеги астындагы бул сүйлөшүү 2-июлда Каирде башталган. Аны утурлай "Хьюман Райтс Уотч" уюму Башар Асаддын режими тарабынан адамдарды уруп-кыйноолор жөнүндө кеңири иликтөөсүн жарыялады. Адам укугун коргоочу эл аралык уюм Сирия өкмөтү адамзатка каршы кылмыш жасады жана Эл аралык кылмыш сотунда жоопко тартылыш керек деп эсептейт.

БУУнун Адам укугу боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай айым Асаддын режимине курал сатып жаткан өлкөлөргө эскертүү жасап, Эл аралык кылмыш сотун Сириядагы зулумдуктарды иликтөөгө үндөдү.

Президент Асад 22-июнда түркиялык аскерий учакты Сирияда атып түшүрүлгөнүнө өкүнүчүн билдирди.

XS
SM
MD
LG