Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Улут аралык кастыкты козутту делген блогер Фарафонов соттолду


Кыргызстанда улут аралык кастыкты козутту делген блогер Владимир Фарафонов күнөөлүү экени сотто аныкталды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Фарафонов боюнча өкүм чыгарып аны 50 миң сом же доллар менен эсептегенде 1100 доллар айыпка жыкты.

Прокуратура аны сегиз жыл түрмөгө камаш керек деген болчу. Кыргызстандын жараны Владимир Фарафонов 2010-жылдын августунан 2011-жылдын сентябрына чейин интернетке жарыялаган 71 макаласы улут аралык катсыткы козутуучу мүнөздө болгон деп айыпталган. Ага карата кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгогон болчу. Фарафонов тергөө убагында камакка алынган эмес. Өлкөдөн чыгып кетпейм деген тил кат жазып, үйүндө эле жүрдү.

Фарафоновдун коомдук жактоочусу, укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын "Азаттыкка" айтымында, судья прокурордун өтүнүчүн колдобогону туура болду, бирок Фарафонов толугу бойдон акталышы керек болчу:

Менин жеке пикиримде, сөз эркиндиги үчүн акташ керек эле. Себеби далилдик базасы жок. Бир да процесске тергөөчү келген жок. Күбө, эксперттердин 10 гана пайызы келди. Сот өзү да "бул процесс жарандык коомго каршы, сөз эркиндигин бууш үчүн жасалган процесстердин бири" деп белгилеп кетти.

Токтайым Үмөталиева Фарафонов соттун бүгүнкү чечимине карата доо арыз менен шаардык сотко кайрылабы, жокпу, азырынча белгисиз экенин кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG