Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Кыргызстан жөнүндө тасма учак жүргүнчүлөрүнө көрсөтүлөт


Кыргызстан жөнүндө тасма учак жүргүнчүлөрүнө көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Түрк аба жолдору" компаниясынын төрагасы Хамди Топчу билдирди.

Кыргызстан жөнүндө тартылган 40 мүнөттүк видеороликти аталган авиакомпания өзү каттаган 192 өлкөнүн жүргүнчүлөрүнө көрсөтөт.

"Түрк аба жолдору" Бишкек аркылуу Борбор Азия жүргүнчүлөрүн Европага, Чыгышка ташуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Аталган компания жакынкы күндөрү Бишкек - Ош сапарын ачканы калды. Ошондой эле Монголия, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин макулдашуусунун негизинде Стамбул - Бишкек - Улан-Батор аба каттамын бүгүн ачууда. Бул каттам боюнча учак аптасына үч жолу жүрүп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG