Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Ыраакы Чыгыштагы Түштүк Курил аралдарына иш сапарга барганына жапон өкмөтү нааразылык билдирди. Жапония да Курил аралдары эзелтеден бизге таандык деп келет жана Түндүк аймагы деп билет. Москва Курил аралдарын Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунда басып алган.
Бул сапар “орус-жапон мамилелерине суу бүркөт”, деди Жапониянын тышкы иштер министри Коитиро Гэмба. Медведев сапар алдында жасаган билдирүүсүндө Курил аралдарын “Орусиянын маанилүү бөлүгү” деп атаган. Медведев 2010-жылы ноябрда президент кезинде Курил аралдарына барганда да жапон өкмөтү катуу нааразылык айткан.
Токио Курил аралдарына ээ чыгып жаткандыктан эки мамлекет арасында алиге Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнүн тастыктаган Тынчтык келишимине кол коюла элек.