Комиссиянын курамына экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев, каржы министрлигинин жана башка тийиштүү органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Өкмөттүн маалымат кызматы бул комиссия эртең, бүрсүгүнү Кумтөр кенинде болоорун билдирди.
Кумтөрдөгү экономикалык, экологиялык жагдай, кенди иштетүү боюнча канадалык инвестор менен келишимдин аткарылышы тууралуу мамлекеттик комиссия күзүндө Жогорку Кеңешке отчет берет. Буга чейин Кумтөрдөгү абалды депутаттык комиссия иликтеп, мурдагы келишимдердин баарын кайра карап чыгуу жана «Центерра Голд Инк» компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларынын үлүшүн жогорулатуу талабын койгон.(KE/JCh/RK)