Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

5-июлга карата аба ырайы


5-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Баткенде түнкүсүн 15...20 күндүз 30..35 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21 күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16 градус, күндүз 25...30
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 25..30,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 22...27,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 13..18 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 31...33 градус болот.

Бүгүн (4-июлда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21 градус болду.

XS
SM
MD
LG