Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Президент коомдук эксперттер менен жолукту


Бүгүн Бишкекте коомдук эксперттик кеңештердин биргелешкен жыйыны өттү. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Улут аралык, диний конфессиялар аралык мамилелер жана билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатындагы эксперттердин башын бириктирген коомдук кеңештерди түзүү тууралуу президенттин жарлыгы бир ай мурда чыккан. Бүгүн алардын алгачкы жыйынына катышкан мамлекет башчы иштин үзүрлүү болушун каалап, маанилүү маселелерди чечүүдө аларга зор үмүт артылып жатканын айтты.

Кыргызстанда сексенге жакын улуттун өкүлү жашайт. Калктын көпчүлүгү мусулман. Славян улутундагылардын дээрлик баары христиандар. Бирок түрдүү диний агымдарга кирген жарандар да жок эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG