Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Казак режиссеру Болат Атабаев абактан чыкты


Казак бийликтери оппозициячыл театр режиссеру Болат Атабаевди абактан чыгарды. Атабаев “адамдар арасында жек көрүүчүлүктү жайылткан” деп күнөөлөнүп, былтыр өлкө батышындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы кандуу калабага байланыштуу 15-июнда камкка алынган болчу.

Жаңыөзөндүк мунайчылардын иш таштоосу маалындагы тополоңдо полициянын огунан 16 киши набыт болгон. Атабаев быйыл мартта Жаңы-Өзөн окуяларын кыйыр чагылдырган спектакль койгон.

Режиссерго немис жана казак театрлары арасындагы кызматташууга кошкон салымы үчүн Германиянын Гете атындагы медалы ыйгарылган. Чет элдиктерге гана берилчү бул сыйлык Болат Атабаевге августта Германияда тапшырылууга тийиш.

Атабаевдин “Азаттыктын” казак кызматына айтышынча, ал тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучудан күбөгө айланган.

XS
SM
MD
LG