Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Иран Египетти диалогго чакырды


Ирандын башчысы Египеттин жаңы президенти менен байланышты. Египеттин мамлекеттик кабар агенттиги маалымдагандай, шаршембиде Иран президенти Махмуд Ахмединежад Египеттин жаңы шайланган башчысы Мухаммад Мурсиге телефон чалып, ага ийгилик каалады. Бул Мурси расмий ишке киришкенден кийинки эки лидер ортосундагы алгачкы байланыш болду. Ахмединежад Мурсини август айында Тегеранда өтөөрү белгиленген 100дөн ашык өлкө катышуучу саммитке чакырганын Мурсинин маалымат катчысы агенттикке кабарлаган. Бирок катчы Мурси бул чакырууну кабыл алып, албаганын ачык айткан жок. Каир менен Тегерандын ортосундагы байланыш 1980-жылдагы Иран Ислам революциясынан жана Египет Израилди тааныгандан кийин үзүлгөн болчу. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG