Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Күйүккө чалдыккандарга медициналык жардам жакшыртылат


Кыргызстанда түрдүү кырсыкка кабылып күйүккө чалдыккан жарандарга көрсөтүлчү медициналык кызматты жакшыртуу жагы каралып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Кечээ Бишкекке Орусиядан күйүк боюнча башкы дарыгерлер келди. Келечекте илимий-практикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргызстандык бейтаптарга жардамды жакшыртуу маселеси талкууланды.

Кыргызстанда күйүк дарылоочу эки борбор бар. Алар Бишкекте жана Ошто жайгашкан. Бишкектегиси 30 кишиге эсептелген. Бирок андагы орундар көбүрөөк болушу керек дешет. Медициналык кызматкерлер да жетишсиз. (RK)

XS
SM
MD
LG