Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

“Де-Факто” гезитине жаңы менеджер келди


"Де-Факто" гезитине жаңы менеджер келди. Белгилүү журналист Чолпон Орозобекова ээлик кылган бул гезитке менеджер болуп Илим Карыпбеков дайындалганын Карыпбеков өзү "Азаттыкка" тастыктады.

"Ээси болуп азырынча Чолпон Орозобекова калууда. Мен менеджер катары эле келдим. Себеби ал алыс жакта болгондуктан гезитти башкаруу кыйын болуп жатат. Максатым - кыргыздын маданиятын, тарыхын, Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын түпкүрүн так, ар тараптуу, тең салмактуу берип, үлгүлүү гезит кылуу", - деди Карыпбеков.

Аталган гезит мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев менен соттошуп, утулган соң жабылып калган болучу. Ал эми саясий куугунтукка кабылган Орозобекова үй-бүлөсү менен Швейцарияга көчүп кеткен эле. 2010-жылдан кийин “Де-Факто” кайра жарык көрүп келатат. Карыпбеков болсо К-News агенттигин ачкан. “Де-Факто” гезит жамааты бүгүнтөн тарта август ортосуна чейин жайкы танаписке тарады. (RK)

XS
SM
MD
LG