Маркум Мелис Эшимкановдун жубайы "Адилет" укуктук клиникасына жардам сурап кайрылды. Анын "Азаттыкка" айтымында, мобилдик телефонуна коркутуу мүнөзүндөгү SMS келип түшкөн. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн деген суроого Эшимканова "интернеттеги Эшимканов фондунун сайтына чыккан макалалардын бирине жазган жообума байланыштуу болушу мүмкүн" деп жооп берди.
3-июлда аталган сайтка Айболот Айдосов деген окурман Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин камакка алынышы жөнүндө макала жазган. Ага жообунда Асел Эшимканова азыркы өкмөттү сындап, коррупция менен күрөшкө коррупционерлер чыкты деген оюн жазган.
Эшимканова аны коркутуу факты боюнча күч түзүмдөрүнө да кайрылаарын айтты.(RK)