Кыргыз тил боюнча мамлекеттик комиссиянын Ош облустук бөлүмү жергиликтүү журналисттерге кыргыз тилинин жазуу жана сүйлөө эрежелерин үйрөтөт. Бул тууралуу аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка ылайык, соңку кездери гезит-журналдарда айрым сүйлөмдөр туура эмес жазылып, телерадио кызматкерлери сөздөрдү туура эмес колдонуп жатканына байланыштуу аларга атайын окуу уюштурулууда.
Эртең өтө турган бир күндүк тренингге Оштогу бардык журналисттер чакырылат. (SE/RK)