Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

УКМК: Сабировдун жардамчысы $10 миң пара менен кармалды


Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды, учурда ал УКМКнын тергөө абагында жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен бүгүн кабарлашты.

Жардамчысы акчаны министр Равшанбек Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар пара алганын тергөөчүгө айтканы кабарланууда.

УКМКнын маалыматына караганда, бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынган.

Министрдин бул ишке тиешеси барбы, жокпу, азыр аныкталууда. Кечээ Равшанбек Сабировдун иш ордунда жана үйүндө тинтүү жүрдү. (RK)

XS
SM
MD
LG