Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Токтогулда жоголгон орус турист аман-эсен табылды


Жалал-Абад облусунда Токтогул суу сактагычына эс алганы келген бойдон дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны аман-соо табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев кабарлады.

28-июнда Токтогул суу сактагычына орусиялык жарандар дем алганы келген. 1983-жылы туулган Виталий Якубцов дайынсыз жоголгону тууралуу бирге жүргөн шериги Артем Рябченко жергиликтүү милицияга 30-июнда кабарлап кайрылган.

Якубцов адашып кеткенин, бир нече күн бою Токтогулдун тоо-талааларында жүрүп, койчуларга жолукканча жапайы жемиштерди жеп жан сактаганын билдирди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG