Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Бачабаздын зордуктоосуна кабылган делген бала психологиялык дарылоого муктаж


Ош шаарындагы медреселердин биринде мударис зордуктады деген 9 жаштагы тарбиялануучу учурда Бишкектеги №3 балдар ооруканасында дарыланууда. “Врачтар анын психологиялык травма алгандыгын билдирип жатышат”, – дейт баланын апасы “Азаттыкка”. Эне-бала аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнүштү.

4-июлда Ички иштер министрлиги бул окуянын июнь айында болгондугун, кылмышка шектүү адам Оштон кармалганын билдирген. Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип жаткан мударис 1990-жылы туулган, Түркиядан билим алып келген. (ZB/КЕ)

XS
SM
MD
LG