Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Министр Равшанбек Сабиров УКМКда сурак берүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Нурлан Токталиев кабарлады. Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен 4-июлда кармалып, учурда ал УКМКнын тергөө абагында жатканын аталган мекемеден бүгүн кабарлашкан.

Министрдин жардамчысы акчаны Равшанбек Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар пара алганын тергөөчүгө айтканы кабарланууда. Бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынган.

"Министрдин бул ишке тиешеси бар-жогу сурактын жыйынтыгында белгилүү болот", - дейт УКМКнын маалымат кызматы. Кечээ Равшанбек Сабировдун иш ордунда жана үйүндө тинтүү жүрдү. (КЕ/RK)

XS
SM
MD
LG