Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

ЕККУ уюмга мүчө мамлекеттерди интернет эркиндигин камсыздоого чакырды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун медиа боюнча өкүлү Дуня Миятович бул билдирүүсүн бүгүн Түркмөнстанда онлайн медиа боюнча өткөн конференцияда жасады.

"Ачык жана эркин интернет Түркмөнстан эле эмес, андан сырттагы өлкөлөр үчүн да өтө маанилүү. Мен түркмөн өкмөтүнөн да интернеттеги материалдарды көбүрөөк жайылтып, ага жарандардын кирүү укугун ачууну сурандым", - деди бүгүн Д.Миятович.

Интернеттеги социалдык түйүндөр, чет-өлкөлөрдүн оппозициялык сайттары, ошондой эле Twitter жана YouTube өңдүү сайттар Борбор Азиянын бул өлкөсүндө ачылбайт. ЕККУ уюмуна мүчө бул мамлекетти дүйнөдө сөз эркиндигин жактаган Freedom House уюму басма сөз эркиндиги боюнча “абалы эң начар ааламдагы сегиз өлкөнүн бири” деп атаган. “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын кабарчыларына бул конференцияга катышууга уруксат беришпеди. Миятович болсо бул тууралуу кабардар эместигин айтты.

XS
SM
MD
LG