Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54
Azattyk Twitter

Лавров: Орусияда Асадга башпаанек берүү ниети жок


Орусия Сириянын президенти Башар ал-Асадга саясий башпаанек бериши мүмкүн делген божомолду дагы бир жолу четке какты. Бүгүн Москвада Германиянын тышкы иштер министри Гуидо Вестервелле менен сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров: "Немис кесиптештерибиз “Орусия Башар Асадга башпаанек берсе жакшы болоор эле” деген ой айтышты. Биздин мамлекет муну тамаша катары кабыл алды жана тамаша менен: “Эгер мырза Асад сыртка чыгам десе, сиздер эле алыңыздар аны”, - деп жооп берди", - деди Лавров.
Сирияда президент Башар ал-Асадга каршы нааразылык толкуну былтыр мартта башталгандан бери өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын урушу токтой элек. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, ошондон берки атышууларда кеминде 15 миң адам көз жумду.
XS
SM
MD
LG