Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

БУУ: Малидеги козголоңчуларга каршы санкция кабыл алынышы мүмкүн


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Малидеги козголоңчуларга каршы санкция кабыл алынышы мүмкүн деп эскертүүдө. Аскер козголоңчулары өлкөдө конституциялык түзүлүштү орнотуудан баш тартып, президенттин милдетин аткаруучу Дионкунды Траоренин өлкөгө келишине мүмкүндүк бербей жатат. Коопсуздук кеңеши бир добуштан кабыл алган резолюцияда кеңеш Малиде бийликти басып алган куралдуу козголоңчуларга каршы катуу санкция колдоно алат деп жазылган. Документте Африка биримдиги, ECOWAS африкалык регионалдык уюму да Мали боюнча санкция кабыл алганы белгиленген. БУУ Малиде март айында болгон аскердик төңкөрүштөн кийин түзүлгөн Улуттук кеңешти таркатууну да талап кылууда. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG