Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Августта кыргыз-казак президенттер жыйыны өтөт


Август айында Кыргызстанда кыргыз-казак мамлекет башчылар жыйыны өтөт. Казак президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапарга чакыруу алганын кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев кечээ Астанада жолукту. Астанага кыргыз лидери Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча барган. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Президенттер Астанада өтүп жаткан шахмат боюнча дүйнөлүк мелдештин ачылышына катышты. Бүгүн Казакстан борбор калаасынын күнүн белгилеп жатат. Майрамдык иш-чараларга чет өлкөлүк расмий коноктор да катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG