Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Камалган министрдин тарапкерлери митингге чогула баштады


Ушу тапта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында борбордук мечиттин жанында эки жүздөй адам, анын ичинде айыл аксакалдары да чогулуп турганын "Азаттыкка" пара алды деген шек менен кармалган социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун иниси Анварбек Сабиров кабарлады.

Анын айтымында, нааразылык акциянын катышуучулары министрдин күнөөсү жок экенин айтып, саат 12де митинг өткөргөнү жатат.

"Мен аларды эч кандай мыйзам бузууга барбагыла деп чакырдым. Агамдын күнөөсү жок. Ал аны айыптап жатышкан 10-15 миң долларга зар эмес. Себеби андан да канча эсе көп каражатка элге суу өткөрүп берген, мечиттерди салган", - дейт Анварбек Сабиров.

Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет министр Сабировду пара алуу боюнча кылмыш ишке байланыштуу убактылуу камакка алган. Себеби, УКМКнын айтымында, 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган жардамчысы бул акчаны Сабировдун тапшырмасы боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар колуна тийгенин тергөөчүгө айткан. Бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG