Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кадамжайда үч адам кутурмага каршы дарыланууда


Баткендин Кадамжай районундагы Халмион айылында үч адам кутурма оорусуна каршы дарыланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

4-июлда Шерматов көчөсүнүн тургуну Мадумаровдун бир баш бодо малы кутурмадан өлдү деп шектелген. Райондук ветеринардык башкармалыктын адистери малдын өлүгүн өрттөп, көмүп коюшту. Шектүү малга аралашкан үч адам дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы жакшы. (RK)

XS
SM
MD
LG