Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Медайым Шайыргүлдүн тагдыры чет өлкөлүк хирургдардын колунда


Кыргызстандык медайым кыз, 22 жаштагы Шайыргүл Бекиеванын мындан аркы тагдыры чет өлкөлүк хирургдарда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" эки жылдан бери төшөктөн тура албай жаткан Шайыргүлдүн таякеси Рысбай Садыков кабарлады. Чет өлкөгө алып барып операция жасатууга туугандары акча чогулта баштаганын, Шайыргүлдүн тагдырына кайдыгер карабагандар өз салымын кошо алаарын айтты. Бул үчүн банкта атайын эсеп ачылды.

Шайыргүлдүн апасынын айтымында, Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө алгач колтугунан, анан омурткасынан операция жасалган. Бирок кыз күн сайын жанын кыйнаган катуу оорудан арыла алган жок, али күнчө сакайып кете албай, бутуна тура албай жатат. Биринчи топтогу майып болуп калды.

Шайыргул Бекиева өзү мурда Октябр айылында бейтапканада медайым болуп иштечү.

Ага жардам берем дегендер үчүн маалымат: 128001007598192, Кыргыз инвестиция-кредит банкы, БИК 128001, Бекиева Шайргүл Абдрахмановна. Апасы Токтокан Назарбекованын телефон номуру 0 773 61 58 11. Таекеси Рысбай Садыков - 0 555 70 70 30. (RK)

XS
SM
MD
LG