Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Москва: Мигрант кыздарды кордоду делгендер кармала баштады


Москвада кыргызстандык кыздарга кордук көрсөттү делген эркектер кармала башташты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Москвада эмгек мигранттар менен иштеген Урмат Байматова кабарлады. Азырынча кайсы видео тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз. Буга чейин Сапаргүл аттуу айымга байланыштуу окуя коомдо талкууланып, учурда Екатеринбургда ал иш боюнча бир адам кармалганы да такталды. Быйыл февралдан тарта Орусияда башка улуттун өкүлдөрү менен жакын мамиле курду делген кыргыз кыздарды кордогон видеолор интернетте жайылган болчу. Ал кыздардын экөө арыз менен милицияга кайрылган. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG