Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Таластыктар Олимпиадага барчу уулуна бата беришти


Таласта белгилүү спортчу, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Арсен Эралиевди Лондон олимпиадасына узатуу салтанаты өттү. Спортчу туулуп өскөн Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын эли ага ак батасын берип, ат мингизди. “Жолуңа” деп 400 миң сом чогултуп колуна карматты. Иш-чарага облус жетекчилиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышты. Соңку маалымат боюнча, августта өтө турган дүйнөлүк жайкы олимпиадага Кыргызстандан 14 спортчу катышат. Жолу, тамак-ашы жана конгон жери боюнча чыгымдын баары уюштуруу комитетинин моюнунда. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG