Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

Ак-Сууда кара тумоого каршы дары жетишсиз болууда


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек жана Кайынды жайлоолорунда кара тумоонун тарап кетпеши үчүн керектелчү дары жетишсиз болууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Караколдогу карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Эрмек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, суурлардын ийинине чачууга атайын дарыдан 500 килограмм керек. Азыр 100 гана килограммы бар.

4-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек коктусунан чыккан суур жана башка жаныбарлардан кара тумоо илдети табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Жугуштуу оору бар болушу ыктымал деген жерде Каракол шаардык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар бөлүмү 25-майдан 2-июлга чейин текшерүү жүргүзүп, натыйжада кара тумоо бар экенин аныктаганы айтылууда.

Кара тумоо тез жайылуучу өтө оор жана жугуштуу илдет. Адамзаттын тарыхында бул оору миллиондогон кишинин өмүрүн жалмаган учурлар болгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG