Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Парижде «Сириянын досторунун» жолугушуусу өтүүдө


«Сириянын достору» деген аталышта 2-ирет өтүп жаткан жолугушууга жүздөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Франциянын президенти Франсуа Олланд жыйын башында Сириядагы жаңжалды басуу «адам өмүрү үчүн жана саясий жактан зарылчылык» деп белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Клинтон Сириянын президенти Асаддын режимине каршы санкцияларды күчөтүүгө, Орусия менен Кытайды жараянга бөгөт койбоого чакырды. Буга чейин Сириянын улуттук кеңеши Улуттар уюмунун мүчөлөрүнө кайрылып, президент Асаддын режимина каршы катаал санкцияларды киргизүүнү өтүнгөн.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето коюу укугуна ээ Кытай менен Орусия бүгүнкү конференцияга катышкан жок.

XS
SM
MD
LG