Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

2014: «Манастагы» транзиттик борбор Тажикстанга көчүрүлүүсү мүмкүн


2014-жылдан кийин «Манастагы» транзиттик борбор Тажикстанга көчүрүлүүсү мүмкүн. Бул тууралуу 6-июлда Дүйшөмбү шаарында АКШ Конгрессинин делегациясын жетектеген конгрессмен Дэн Бертон билдирди:

- «Манастагы» транзиттик борбор 2014-жылы жабылат деп пландалууда. Биз, албетте, азырынча өкмөттүн атынан айта албайбыз. Тажикстан азыркы «Манастагы» транзиттик борборду өз аймагына жайгаштыруусу мүмкүн. Анткени сиздердин Ооганстанга чектеш турганыңар стратегиялык мааниге ээ. Биз бул тууралуу Мамлекеттик Департамент менен сүйлөшөбүз.

Америкалык конгрессмен тажик-ооган чек ара тилкесинин стратегиялык маанисин белгилеп, АКШ тажиктерге чек араны коргоого керектүү жардам бере тургандыгын билдирди.

Ал эми Тажикстанда жайгашкан Орусиянын 201-базасы тууралуу маселени америкалык конгрессмендер «Тажикстан менен Орусия сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүсү керек» деген көз карашын билдирди. Ушул тапта бул база боюнча Дүйшөмбү менен Москванын ортосунда талаш-тартыш уланууда.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкө өз аймагына чет мамлекеттин аскердик базасын жайгаштырууну пландаса, аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн баарынын макулдугун алуусу керек.

XS
SM
MD
LG