Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

КТУ "Манас" быйыл 1145 орунга студент алат


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 2012-2013-окуу жылы үчүн кирүү сынагы Бишкек жана Ош шаарларында 2012-жылдын 8-июль күнү саат 10.00дө өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш бюросунан билдиришти.

Сынак Бишкекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин башкы корпусунда жана Ч.Айтматов атындагы Жал кампусунда, БГУнун жана Кыргыз Техникалык университетинин имаратында болот. Түштүк аймагындагылар Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетине келип сынакка кире алышат.

2012-2013-окуу жылы үчүн кирүү сынагы бир тур менен тест түрүндө өтөт. Абитуриенттер математика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, ал эми орус мектептерин бүткөндөр үчүн орус тили жана адабияты болуп 10 сабактан тест беришет. Логикалык суроолорго басым жасалып, катышуучулар 120 суроого жооп беришмекчи.

Студенттерди тандоонун жыйынтыгы 2012-жылдын 11-июль күнү белгилүү болот. (AKu)

XS
SM
MD
LG