Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Тажикстанда камалган кыргыз жараны бошотулду


Тажикстанда сымап алып жүрөт деп камалган 3 кыргызстандык жарандын бири бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди. 5-июлда кыргызстандык делегация тажик тараптын чакыруусу менен Согди облусуна барган.

Алар 32 жаштагы айдоочу Манас Надировду күнөөсү жок деп бошотушту. Ал Баткендеги үйүнө кайтып келди.

Ага чейин ИИМ орун басары Курсан Асанов баш болгон топ тажик тараптан ишти мыйзам чегинде кароосун өтүнгөн эле. Баткендик Икрам Сыдыков жана Чыңгыз Абдрахманов мыйзамга ылайык жоопко тартылмай болду.

Кыргызстандын бул жарандары 90 килограммдан ашык сымап алып жүрөт деген айып менен Тажикстандын Исфара районунда 20-июнда кармалган.

Анын эртеси Баткен тарапка келген 19 тажик жаранын камалгандардын жакындары барымтага алып, жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен бошотулган болчу. 22-июнда ушул эле аймакта дагы 8 тажик жаранын жергиликтүүлөр барымтага алып, мындай аракет менен Тажикстанда камалган кыргызстандыктарды бошотууну талап кылышкан. Бул жолу кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган тартип коргоо органдары менен барымтага алгандардын ортосунда кагылышуу чыккан. Коңшу өлкөнүн 8 жараны бошотулган. (AKu)

XS
SM
MD
LG