Нөшөрлүү жаандан кийинки суу ташкынынан өлкөнүн түштүгүндө Краснодар крайындагы Крым району катуу жабыркаган. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, бул райондо кеминде 76 адам набыт болду. Тогуз адамдын жасаты Геленжик шаарчасынан, дагы эки кишиники Новороссийск шаарынан табылган.
Эки күн токтобой жааган жаандан кийин миңдей үйдү суу каптаган. Облустун көпчүлүк аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Орус бийликтери учурда адамдарды башка жактарга көчүрүү иштери жүрүп жатканын, Москвадан миңдей куткаруучу учак жана тик учактар менен жеткирилишкенин кабарлашты.