Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Бишкекке келди


Бириккен улуттар уюмунун расмий сайты маалымдагандай, Адам укуктары боюнча улук комиссар Нэви Пиллай Кыргызстанда 8-июлдан 10-июлга чейин болот. Сапары маалында Пиллай президент Алмазбек Атамбаев, тышкы жана ички иштер министрликтердин башчылары, башкы прокурор, Жогорку Соттун мүчөлөрү, акыйкатчы жана укук коргоочулар менен жолугушмакчы.

10-июлда Нэви Пиллай Ош облусун барып, 2010-жылы улуттар аралык кагылышуулар маалында өзгөчө жабыркаган аймактарда болуп, ошол окуяларга байланыштуу БУУнун комиссиясы, облустун губернатору жана Ош шаарынын мэри менен жолугушат.

БУУнун комиссары 10-июлда сапардын жыйынтыгы боюнча Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, андан соң Казакстанга жол тартмакчы. (ТТо)

XS
SM
MD
LG