Мексикада президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митингге миӊдеген адамдар чыкты. Баш калаа Мехико шаарында 7-июлда демонстранттар шайлоодо уткан Энрике Пенья Ньетону "добуштарды сатып алган жана үгүт өнөктүгү учурунда эки башкы телеканал ага көз каранды болгон" деп айыпташты. Шайлоодо уткан талапкер мындай айыптоолорду негизсиз деп четке какты.
Энрике Пенья Ньето мүчө болуп турган Революциялык партия Мексикада 70 жыл бою 2000-жылга чейин бийликте болду. Анын атаандаштары бул партиянын кээ бир мүчөлөрү саясий эркиндиктерди кысып жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол беришет деп айыптап келишет. (ТТо)