Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

"Энкаунтер" оюну эски Пишпектин сырларын ачат


Бүгүн Бишкекте "Эски Пишпектин сырлары" аттуу оюн өтүп жатат. Оюндун уюштуруучуларынын "Азаттыкка" маалымдашынча, бул оюн "Энкаунтер" долбооруна кирет.

Оюндун шарты боюнча, шаардын эски жерлеринде ар кандай тапшырмалар катылган. Оюндун катышуучулары бир нече топторго бөлүнүп, ошол тапшырмаларды таап, алардын жандырмагын табыш керек. Кайсы топ эӊ көп тапшырманы аткарса, ошол жеңүүчү деп табылат.

Уюштуруучулардын бири Егордун айтымында, бул жөн эле оюн эмес, ал аркылуу жаштар шаардын тарыхы жана анын эски жерлери менен таанышат. Оюнга 40ка жакын студент катышууда, алар беш-алты топко бөлүнүп, эки-үч сааттын ичинде тапшырмаларды аткарат. (ТТо)

XS
SM
MD
LG