Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Орусияда суу ташкынынан 146 адам набыт болду


Краснодардын Крымск району эң катуу жабыркаган, 8-июль, 2012
Краснодардын Крымск району эң катуу жабыркаган, 8-июль, 2012
Жалпысынан 12 миңдей киши жабыр тартканы айтылууда.

Президент Владимир Путин өлкөнүн түштүгүндө суу ташкынынан катуу жабыркаган Краснодар крайын кыдыргандан кийин элге кырсык жөнүндө алдын ала эскертүү канчалык туура берилгенин текшерүүнү талап кылды.

Көп адамдын өлүмүнө ал жердеги суу сактагыч жырылып кеткени себеп болсо керек деген имиштерди Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги четке каккан.

Краснодарда эртеңки күн өлгөндөргө аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жабыр тарткандарга компенсация берүү эртеңден башталат. Кара деңиздин боюнда кырсыктан улам жабылган Новороссийск порту бүгүн ачылат дешкен.

XS
SM
MD
LG