Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстанда ар бир бешинчи бала жетиштүү тамактанбайт


“Балдарды коргоо лигасы” аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” маалымдашынча, ал балдардын көбү жакыр үй-бүлөлөрдөн, же балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, же болбосо кароосуз калган балдар.

Турдубекова ЮНИСЕФтин ушундай отчетуна таянып, маселени чечүү үчүн өкмөт балдар үйлөрүнө бөлүнгөн каражаттын өлчөмүн көбөйтүш керектигин айтты:

- Бул таӊ калычтуу факт эмес, анткени бүгүнкү күндө ошол ар бир балага жөлөк пул берилет. Бирок жакырчылыкты азайтуу, же жок кылуу боюнча төлөмдөрдүн саны аябай аз – 300 эле сом. Аны 500 сомго чейин көтөрүш керек деп өкмөттөн талап кылганбыз. Евробиримдик болсо ошол жакырчылыкты жоюу боюнча грант берип жатат.

Назгүл Турдубекованын айтымында, Евробиримдиктин гранты балдар үйлөрүндөгү жетимдердин жана жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдүн санын азайтууга багытталган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG