АКШнын президенти Барак Обама Ливиядагы парламенттик шайлоону “демократияга карай дагы бир кадам” деп атады. Ливиянын шайлоо комиссиянан кабарлашкандай, кечээ 200 орундуу улуттук ассамблеяны шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 60% катышты. Муаммар Каддафинин секулярдык режими астында узак убакыт басмырланып келген исламчылар бул өлкөдө да бийликке келебиз деп сүйүнүп жатышат. Мындай окуялар былтыр “арап жазын” баштан кечирген Египет менен Тунисте да болгон.
Өлкөнүн жаңжалдуу чыгыш регионунда добуш берүү зомбулук менен коштолуп, бир адам өлгөнү, экөө жаракат алганы кабарланды. Бул жакта айрымдар шайлоого катышпоого да үндөшкөн эле. Ливияда акыркы жолу парламентке шайлоо Каддафинин аскерий төңкөрүшүнөн беш жыл мурда, 1964-жылы өткөн.