Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Жогорку Соттун судьяларын тандоо башталат


Сотторду тандоо кеӊеши бүгүнтөн тарта Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлеринин тапшырган документтер менен тааныша баштайт. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Майчиевдин маалыматында, тандоонун биринчи туру 10-июлдан тарта башталат:

- Биринчи турда талапкерлердин документтери каралат. Билими кандай, сыйлыктары барбы, кынтыксыз иштегенби - мына ушулар каралат. 2-турга өттү делгендер үчүн аңгемелешүү болот, ал 16-17-июлга аяктайт. Анан андан өткөндөр 3-турда добуш берүү аркылуу тандалат.

Сотторду тандоо кеңеши 21-майдан тарта Жогорку Сотко судьяларды тандоо жараянын баштаган. Судьялык орун үчүн 92 талапкер арыз берип, анын 84 төртү биринчи турга алынды. 1-турга өтпөй калган 8 адамдын төртөө өз арызын кайра кайтарып алса, дагы төртөө документтери толук тапшырган эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG