Тереккан алтын кенин иштетүү жана Терек-Сай аймагын чалгындоо үчүн инвесторлорду тартуу боюнча комиссия түзүлдү. Мындай жардыкка премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн кол койду. Ага ылайык, комиссия тогуз күндүн ичинде алтын кенди иштетүү боюнча сынактын жол-жобосун түзүп, өкмөткө сунушташы керек.
Маалыматка караганда, Нарындагы Терекканда 40 тоннадай алтын жатат. (EBM)
Маалыматка караганда, Нарындагы Терекканда 40 тоннадай алтын жатат. (EBM)