Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Ооганстанда 35 адамдын каны төгүлдү


Жекшемби Ооганстан үчүн эң кандуу күндөрдүн бири болду. Өлкө түштүгүндөгү Гелманд жана Кандагар провинцияларында козголоңчулардын кол салуусунан 28 жаран жана полициячы өлгөнү расмий маалымдалды. Ал ортодо Ооганстандын чыгышында НАТОнун алты аскери бомбага кабылып, мүрт кетти. Алар Кошмо Штаттардын жарандары экенин "Ассошэйтед пресс" агенттиги америкалык расмий адамдарга таянып билдирди.

Жекшембиде Токиодогу жыйында донор өлкөлөр Ооганстанга алдыдагы төрт жылга 16 миллиард доллар убада кылды. Соңку 10 жыл ичинде Ооганстан эл аралык коомчулуктан 60 миллиардга жакын доллар көмөк алган.

XS
SM
MD
LG