Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Кофи Аннан Дамасктан Тегеранга кетти


Улуттар Уюму менен Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Кофи Аннан Дамаск шаарында президент Башар Асад менен жолукту. Reuters агенттиги Аннан жолугушууну “оң жакка жылыш” катары баалаганын билдирди. Сирияга эл аралык басым күчөгөн кезде Иран расмий Дамаскка өнөктөш бойдон калууда. Бүгүн Тегеранда Аннан Сириядагы абалды иран жетекчилиги менен талкуулайт деп күтүлүүдө.

Сирияда куралдуу кагылышуу 16 айдан бери уланууда. Жаңжал башталгандан бери миңдеген кишилер набыт болуп, он миңдеген бейкүнөө адамдар коңшу Түркияга качышты. Үч жүзгө чамалуу эл аралык байкоочулар Сириядагы ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болду. Учурда Аннан баштаган жогорку даражадагы дипломаттар эл аралык тараптардын көмөгү менен жетишилген тынчтык планынын өзүн сактап калууну көтөрө баштады.

XS
SM
MD
LG