Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Аббас Арафаттын сөөгүн эксгумация жасоого уруксат берди


Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас автономиянын мурдагы лидери Ясир Арафаттын сөөгүн казып, текшерүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Аббастын кеңешчиси Саэб Эрекат кабарлады.

Палестин жетекчилигине Арафаттын сөөгүн эксгумация жасоого уруксат берүү өтүнүчү менен анын жесири Суха Арафат кайрылган. Буга Швейцариядагы радиология институтунун 2004-жылы Парижде көз жумган Ясир Арафат радиоактивдүү полоний менен ууландырылган болуусу мүмкүн деген маалыматы себеп болгон.

Мурдагы палестин лидеринин жеке буюм-тайымдарында полонийдин калдыктары табылган. Бул фактынын чын-төгүнүнө жетүү үчүн 8 жыл мурун жерге берилген сөөктү казып, атайын иликтөө жүргүзүү зарыл. Бул үчүн Швейцариядан тиешелүү адистер жакынкы күндөрү Палестинага келет.

XS
SM
MD
LG