Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Пакистан: исламчылар НАТОнун унаа жолдоруна каршы


Исламабадда НАТОнун Ооганстанга баруучу ташуу жолдорунун кайра ачылышына каршы демонстрацияга миңдеген киши катышты. 15 миңдей адам Пакистан парламентинин алдында анти-америкалык ураандарды чакырып, Пакистандын Коргоо комитетинин байрактарын булгалашты. Демонстранттар өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарынан жөө келишти. 40тай диний партия, уюмдар кирген Пакистанды Коргоо комитетинин төрагасы Маулана Самиул Хак мындай деди:

- Эркиндик үчүн согуш бир демонстрация менен чектелбейт. Ооганстандын эли акыркы 35 жылдагы согуштан чарчады. Алар миңдеген адам өмүрлөрүн курмандыкка чалышты. Биз алардан үйрөнүшүбүз керек.

Пакистандын өкмөтү жети айдан бери жабык турган жолду ачууга өткөн аптада макул болгон эле.

XS
SM
MD
LG