Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Орусиянын өкмөтү сел боюнча ката кетиргенин мойнуна алды


Орус өкмөтү Кара деңиз аймагындагы Краснодарда 170тен ашык адамдын өмүрүн алган селге байланыштуу кетирген каталарын мойнуна алды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков дүйшөмбүдө министрликтин коркунуч тууралуу эскертүүсү бардык тургундарга жетпей калганын бышыктады. Краснодар крайынын акими бул күнү Крымск шаарынын жана Крымск регионунун жетекчилерин кызматтан алды.

Кечээ Орусия боюнча селдин курмандыктарына аза күтүштү. Нөшөрлөп жааган жаан менен селдин кесепетинен ишемби күнү 5 миңдей үйдү суу каптаса, алардын көбү Крымск шаарына туура келген. Миңдеген киши үйлөрүн таштап кетти. Бир жарым миңдей куткаруучу сактап калуу иштерин улантып жатат.

XS
SM
MD
LG