Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Аскарбек Бекбоев кызматтан алынды


Кыргыз өкмөтүнүн социалдык жана гуманитардык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчи орун басары Аскарбек Бекбоев кызматтан четтетилди. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Абдиманап Муратов “Азаттыкка” тастыктады.

Бекбоев апрель ыңкылабынан кийин Ишеналы Арабаев атындагы университеттин ректорлугунан аталган окуу жайдын эмгек жамааттын талабы менен кызматтан кеткен. Андан кийин өкмөттө жогорку окуу жайларды көзөмөлдөп аткан. Буга байланыштуу Арабаевдин өкүлдөрү нааразы болуп, премьер-министрге кайрылуу жолдогон эле.

Бекбоев ректор кезинде окуу жайда 28 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылганы, бирок бул иштерге чекит коюла электигин “Азаттык” иликтеп жазып чыккан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG