Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Ысык-Көл: кара куурайды жок кылуу боюнча жалган маалымат берилген


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы аймакта жапа кара куурайды жок кылуу иштери жакшы жүрбөй жатканын билдирди. Башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, айрым райондордо кара куурай жок кылынды деп жалган маалымат беришкен.

Мисалы, Түп районунда Талды-Булак айылында 454 гектар жерден 7,2 тонна кара куурай орулуп өрттөлдү деген менен иш жүзүндө мындай иштер дээрлик аткарылбаганы аныкталган. Ушундай эле фактылар Түп айыл округунда, Ак-Суу районундагы кээ бир айыл өкмөттөрдө катталган.

Кыргызстанда жапайы кара куурайлар негизинен Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өсөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG