Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Караганда: Жол кырсыгында кыргызстандык мерт кетти


9-июль түнү Караганда облус аймагында кыргызстандыктар бараткан кичи автобус кырсыкка учурап, 72 жаштагы бир адам мерт кетти. Караганда облустук ички иштер департаментинин расмий сайтындагы маалымат боюнча, кичи автобустун ичиндеги 7 жүргүнчү тең Кыргызстандын жарандары.

Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да тастыктап, каза болгон жаран Чүй облусунун 72 жаштагы тургуну экенин маалымдашты.

Жол кырсыгына кыргызстандыктарды тартып бараткан кичи автобустун айдоочусунун автоунааны башкара албай калганы себеп болгону айтылууда.

Каза болгон адамдан башка дагы бир жүргүнчү жакынкы бейтапканга жаткырылды.

Учурда кырсык боюнча тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин да 8-майда Караганда облусунун аймагында кыргызстандыктар бараткан кичи автобус кырсыкка кабылып, анда 16 адам мерт кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG