Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Аба ырайы: сел коркунучу бар


Кыргызстанда 10-14-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоо этегиндеги жана ойдуң жерлерде сел жүрүп, суу капташы мүмкүн.

11-июлда кээ бир тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градус жылуу.

Бишкекте 11-июлда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19... 21, күндүз 31... 31 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-июлда күндүз 22, ал эми 10-июлда эртең менен 21 градус болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG