Бүгүн Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун жердештери митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингдин уюштуруучуларынын бири Төлөгөн Келдибаев кабарлады.
Келдибаевдин маалыматында, митингде Сабировдун жердештери анын күнөөсүн сот далилдегенге чейин эле ММКда бир беткей каралаган макалалар кетип жатканына нааразылыгын билдирүүнү көздөшүүдө. Ошондой эле Равшанбек Сабиров мүчө болгон “Ата Мекен” партиясынын аны министрликтен чакырып алуу демилгесин сынга алып, бул партиянын жетекчилигинин жаңыарыктыкардан кечирим сурашын талап кылышат.
Министрдин жердештери министрдин күнөөсү жок экенине бекем ишенишет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет министр Сабировду пара алуу боюнча кылмыш ишке байланыштуу убактылуу камакка алган. УКМКнын айтымында, 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган жардамчысы бул акчаны Сабировдун тапшырмасы боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар колуна тийгенин тергөөчүгө айткан. Бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынганы айтылууда.
6-июлда Биринчи май райондук соту Равшанбек Сабировду тергөө аяктаганга чейин эки айлык мөнөөткө УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Сабировдун адвокаты мындай чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. (BkA)